Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Идрис Кадыркулов Украинадагы элчи кызматына дайындалды


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына чыкты.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар анын талапкерлигин колдогон эмес. Эл өкүлдөрү Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы аракеттери тууралуу суроолорду беришкен.

УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Ага чейин Кыргызстандын Украинадагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Жусупбек Шарипов президенттин жарлыгынын негизинде бошотулган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG