Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Депутат Сулайманов УКМКны журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырды


"Альянс" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов.
"Альянс" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов.

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Альянс" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов коррупция менен күрөшкө жалпы коомчулук, журналисттерди да тартууну сунуштады.

"Акыркы күндөрү өлкөдө болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү журналисттердин иликтөөлөрү аркылуу бети ачылып жатат. Кыргызстандагы эң чоң байлыктын бири - сөз эркиндиги. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой, тескерисинче кызматташуусу зарыл. УКМК журналисттердин коопсуздугуна чоң кепилдик берип, аларды коргоп турушу керек. Журналисттерди куугунтуктоо менен коррупцияны жеңүүгө мүмкүн эмес", - деди Сулайманов.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүшкөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде, төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын аты аталган иликтөө жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Иликтөөдө айтылгандарды "жалаа" деп атаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG