Борбор Азияда электр жарыгы өчтү
Борбор Азиянын биргелешкен энергетикалык шакекчесинде авария болуп, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда электр жарыгы жапырт өчтү. Жарык берүү бир нече сааттан кийин калыбына келтирилди. Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ага байланыштуу иш боюнча Башкы прокуратурада тергөө амалдары бүткөнүн билдирди. Анын жыйынтыгы менен тергөөчү кандай чечим чыгарганы азырынча белгисиз. АКШнын президенти Жо Байден Батыш державалары Орусиянын Украинага басып кирүүсүн алдын алыш үчүн бир муштумдай биригип аракет көрөрүн билдирди.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 14, 2026Украинадагы согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат?
-
Октябрь 13, 2026Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү
-
Октябрь 12, 2026"Яндекстеги" кризис, жергиликтүү таксиге талап
-
Октябрь 09, 2026ЕККУ: Журналисттердин сот иши ачык-айкын каралышы керек
-
Октябрь 06, 2026Франция: Окуучулар менен полиция кагылышты