Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Депутат чек арадагы айылдардын тизмеси боюнча нааразылык бар экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт. Баткен облусунун Ак-Татыр айылынын тургундары президент менен жолуккан учур. 27-май, 2021-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Баткен облусунун Ак-Татыр айылынын тургундары президент менен жолуккан учур. 27-май, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин 26-январдагы жыйынында депутат Камила Талиева Баткен облусундагы өзгөчө макам берилген айылдардын тизмесине чек арага чектешкен, шарты катаал айылдар кирбей калганын билдирди.

“Жеңилдиктер бардык айылдарга бирдей каралышы керек. Эртең эл митингге чыкпайт деп кепилдик бере албайбыз. Бул тескеме эл, жергиликтүү бийлик менен макулдашылбай түзүлгөн. Туура эмес мамиле жасап, элди экиге бөлүп жатасыңар. Министрлер кабинетине көө жабылып, ызы-чуу болбосун", - деди Талиева.

Буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев учурда бекитилген 62 айылдын тизмесине кирбей калган айылдар боюнча иш жүрүп жатканын айткан.

"Бул маселени жеке мен өзүм гана чече албайм. Бул боюнча өкмөттүн атайын комиссиясы түзүлгөн. Тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштеп жатабыз", - деген ал.

Баткен облусунун тургундары өзгөчө макамы бар чек ара айылдарынын тизмесин толуктоо боюнча жергиликтүү бийликке кайрылган. Жергиликтүү бийлик айылдарда жолугушууларды уюштуруп, тизмени карап чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.

“Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамга өткөн жылы сентябрда президент кол койгон. Мыйзамга ылайык, аймак калкына салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган. Тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрүү жана жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү сыяктуу колдоолор каралып жатканы айтылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG