Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Кыргызстандын жарандарына Түркияга ID-карта менен кирүүгө уруксат берүү сунушталды


Стамбул. Түркия.
Стамбул. Түркия.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев түрк тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушууда кыргыз жарандарына бул өлкөгө ID-карта менен кирип-чыгууга уруксат берүүнү сунуштады.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги маалымдагандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо маселесин да талкуулашты.

Учурда Түркияга баруу үчүн кыргызстандыктардан жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Эки мамлекеттин ортосунда азыр визасыз режим бар. Жарандарга Кыргызстан менен Түркияда визасыз 90 күн жүрүүгө уруксат берилген.

Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет. (JsA)

XS
SM
MD
LG