Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Украинада заводдогу ок чыгаруудан беш киши каза болду


Украинанын полициясынын автоунаасы. Иллюстрация.
Украинанын полициясынын автоунаасы. Иллюстрация.

Украинанын Днепр шаарындагы "Южмаш" машине куруу заводунда ок чыгаруудан беш киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-январда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кыска мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан Артемий Рябчук аттуу аскер өзүнүн тайпалаштарын АК-47 автоматы менен туш келди аткылап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Мекеме аскерди кармоо боюна атайын операция өткөрүп, шектүүнү колго түшүрдү. Жоокердин мындай кылмышка барган себеби азырынча белгисиз. Тергөө уланууда.

Ок атуу учурунда беш киши мерт болуп, дагы беш адам оор жаракат алган.

"Южмаш" космостук кемелерди, ракеталарды жана ракеталык-жабдууларды да чыгарат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG