Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Ноокенде милиция кызматкери атынып өлгөнү кабарланды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы.

Милиция кызматкери өзүн табелдик курал менен башка атып каза болгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 26-январда кечке жуук Ноокен райондук милиция бөлүмүндө болгон. Күзөт бөлүмүнүн 33 жаштагы кызматкери, милициянын улук сержантынын атынган сөөгү дааратканадан табылган.

“Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын тергөө ыкчам топтору барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулду. Топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине өз өмүрүн кыюу катары катталды. Материалдар райондук прокуратурага өткөрүп берилди", - деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Кыргызстанда милиция кызматкери табелдик курал менен өз жанын кыйды деген учур буга чейин да катталган. Анын себептери айтылган эмес. Иш суицид катары каралганы белгилүү. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG