Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Германияда орусиялык илимпоз тыңчылыкка айыпталып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын прокуратурасы Бавария аймагындагы университеттердин биринде иштеген орусиялык илимпоз "Москванын пайдасына тыңчылык кылган" деген шек менен кармалганын 27-январда кабарлады.

Аталган орган кармалган киши Орусиянын чалгын кызматынын Германияда иш алып барган офицерине европалык "Ариан" космостук программасы жөнүндө "жашыруун маалыматтарды берип жүргөн" деп шектелип жатканын тактады.

Шектүү 2021-жылдын июнь айында кармалган. Ал тууралуу маалымат Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Батыш менен Москванын ортосунда чыңалуу күчөп турган учурда ачыкка чыкты.

"Ариан" программасы аэрокосмостук технологияларды изилдегенден сырткары ракеталык жабдууларга да багытталган долбоор. Анын ичинде ракеталарды жана спутниктерди ташып жүрүүчү транспортторду чыгаруу боюнча иш жүргүзүлөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG