Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Каркыра: казак чек арачылары кармаган кыргызстандыктын иши сотко өттү


Каркыра жайлоосунан казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун иши сотко өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

“Каркыра жайлоосунда мал карап жүрүп Казакстандын күч кызматтарына кармалган Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы тургуну Сыймык Өмүрбек уулунун ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү”.

Арипов кошумчалагандай, сот бир жуманын ичинде болот жана кыргыз жаранына административдик чара каралышы мүмкүн. Казакстан менен чек арадан билбей өтүп кеткен учурлар буга чейин да катталган.

23 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулун 10-январда Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен. Ал мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айткан апасы Чынара Тамаева көмөк сурап, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган.

12-январда Жогорку Кеңеште бул маселе көтөрүлүп, тиешелүү мекеме-органдарга протоколдук тапшырма берилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG