Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Каркыра: казак чек арачылары камаган жарандын апасы бийликке кайрылды


Казакстандын чек арачысы. (Иллюстрациялык сүрөт).
Казакстандын чек арачысы. (Иллюстрациялык сүрөт).

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева презединт Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Анда аталган жайлоодогу №3 ферманын тургуну 1999-жылкы студент уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, аны кайтарып келүүгө көмөк сурады. Бул окуя 10-январда болгон.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Сыймык Өмүрбек уулунун кармалганын 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев айтып чыккан. Анын сунушу менен төрага Талант Мамытов тиешелүү мекеме-органдарга протоколдук тапшырма берген.

2017-жылы дагы Каркыра жайлоосундагы №3 фермасынын бир тургуну мал кайтарып жүрүп, казак чек арасынан өтүп кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз жараны мекенине кайтарылган.

Кыргыз парламенти 2002-жылы май айында Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG