Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Данияр Нарымбаев камактан чыкты


Данияр Нарымбаев. Архив сүрөт.
Данияр Нарымбаев. Архив сүрөт.

“Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарымбаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Бул иштин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы бир нече депутаттары, мурдагы өкмөт башчылары камакка алынган. Алардын арасында Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, ж.б. камакка алынып кийин бошотулган. (BCh)

XS
SM
MD
LG