Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстанда акыркы 15 жылда ымыркайлардын өлүмү 40% кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир жылда 2000ге жакын ымыркай төрөлгөндөн кийин бир айга жетпей чарчап калат. Ал эми 1400дөн ашуун ымыркай өлүү төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылды.

Ымыркайлардын өлүмүн азайтуу, алдын алуу жана аларга кам көрүүнүн сапатын жогорулатууга арналган талкууда, акыркы 15 жылда Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү 40%, өлүү төрөлгөн учурлар 32,6% азайганы белгиленди.

"Глобалдык, дүйнөлүк деңгээлден алганда жыл сайын 2,4 млн. неонаталдык өлүм катталат жана 2 млн. бала өлүү төрөлөт. Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү дагы эле жогору бойдон калууда. Республикада бир жашка толо элек балдардын өлүмүнүн 80% жакыны алар жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы 28 күндө болот", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Эне жана баланын саламаттыгын коргоо максатында Кыргызстанда 2018-жылдан бери жашыруун перинаталдык аудит киргизилген. Жапон өкмөтү каржылаган бул долбоор ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Перинаталдык аудит –бардык деңгээлдеги перинаталдык жардамдын сапатына системалуу талдоо жасаган, ымыркайлар арасында өлүмдүн жана өлүү төрөлүүлөрдүн себебин, ошондой эле аларга кандай факторлор түрткү болорун жана алдын алуу жолдорун талдаган көрсөткүч. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG