Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Иорданиянын армиясы баңгизат ташыган отуздай кылмышкерди жок кылды


Иорданиянын армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Иорданиянын армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Иорданиянын армиясы коңшу Сириядан баңгизат ташып келаткан 27 адамды жок кылганын кабарлады.

Расмий маалыматта, аткезчилер "каптагон" деген ат менен таанымал амфетамин затын алып кирүүгө аракет кылышкан. Баңгизаттар Перс булуңу аркылуу Иорданияга кирип жаткан сириялык жүк ташуучу автоунааларга жашырылганы аныкталган.

Ушул айдын башында Сирия менен чек арадагы атышууда бир иордан офицери каза болгон эле. Анда да баңгизат ташыгандар чек арадан өтүү үчүн ок чыгарганы маалым болгон.

Иорданиянын бийлиги баңгизат аткезчилигинин кескин күчөшүнүн артында Иран колдогон "Хезболла" тобу жана Сириянын түштүк жагынын көп бөлүгүн ээлеген жикчилдер турарын билдирип келет. "Хезболла" айыптоолорду төгүндөп жүрөт.

БУУнун баңгизат боюнча эксперттери Сирия чөлкөмдөгү каптагон өндүргөн негизги жай болуп калганын, бул зат Перс булуңу аркылуу Иорданияга, Иракка жана Европага чыгып кетип жатканын эскертишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG