Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

АКШ Орусияга украин кризисинен чыгуу жолун сунуштады


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Женевада жолугуп, Украинадагы кризисти талкуулашты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Женевада жолугуп, Украинадагы кризисти талкуулашты.

АКШ менен НАТО Орусиянын талабы менен “коопсуздук кепилдиги” боюнча Москвага кат түрүндө жооп берди. Катты АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине барып тапшырды.

Буга улай билдирүү жасаган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катта Вашингтон Украинанын НАТОго кабыл албоо тууралуу Москванын талабын четке кагып, коңшусунун жанында аскерлерин жыйнаганын расмий айыптаганын билдирди. Бирок ошол эле маалда ал украин кризисин чечүү үчүн Кремлге дипломатиялык сунуш берилгенин кошумчалады.

Орусиянын бийлиги АКШнын жообун алганын ырастап, аны талдап чыккандан кийин позициясын айтарын маалымдады.

АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинага басып кирсе, президент Владимир Путиндин жеке өзүнө санкция салуу маселесин карап чыгарын 25-январда билдирген.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттеринин, НАТОнун Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январь Женевада жолугуп, Украинадагы кризисти талкуулашкан. Блинкендин терс жообун алган Лавров аны кагаз жүзүндө жөнөтүүнү сураган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG