Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Баткенде чек арадагы кыргыз-тажик жолдору кесилишкен Төрт-Көчө аймагы тосулду


Төрт-Көчө.
Төрт-Көчө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышты. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Баткен менен Лейлекти байланыштырган мурдагы жол Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын аралап өтүп турган. 2007-жылдан кийин Баткен облусунда көз карандысыз жолдорду куруу аракети башталган.

Жаңы жолдун багыты Тажикстандын айылдарын айланып, Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө тилкесинен Лейлек районуна өтүп кетет. 2009-жылы эки тараптуу кабыл алынган протоколдун негизинде Төрт-Көчөнү кесип өткөн жол курулган. Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда бул протоколго кол койгон Адахан Мадумаров ушул күндөрү атайын кызматта сурак берип жатат.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон. (BCh/ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG