Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

ӨКМ жаңжал чыккан жерден элди чыгарууга техника жөнөтүлгөнүн билдирди


Төрт-Көчө жергеси.
Төрт-Көчө жергеси.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Баткендин Орто-Боз, Рават айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялана баштаганын билдирди.

"Учурда Баткен облусунун Ак-Татыр, Орто–Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жашоочуларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жеке менчик унаалары менен эвакуациялап жатат. Ошондой эле Самаркандек айылында эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандар коопсуздукту сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Ак-Сай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында төрт КамАЗ, эки "Спринтер" жана "Пикап" унаалары менен чыгып кетти",-деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыркы тапта чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн окуя болгон жерде жүргөнү айтылды. Бул тууралуу президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев маалымат берди.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окуя чыккан айылдардагы элди коопсуз жакка көчүрүү иштери да уюштурулууда. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев азыр Самаркандек айылында жүрөт. Азырынча кырдаал өзгөргөн жок", - деген Тулаев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдады.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Айрым тажик басылмалары күч түзүмдөрү жана жайкын тургундар арасында жарадар болгондор бар экенин жазууда. Баткендеги ооруканалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргыз тараптан жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG