Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара башчылары сүйлөшкөнүн, атышуу уланып жатканын кабарлады


Тажик тараптын демилгеси менен саат 21:45те Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитетинин биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмоналинин телефон сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматта тажик тарап ок атышууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылганы, бирок саат 22:30га карата тажик аскерлери Кыргызстандын ички аскерлеринин позициясын атып жатышканы айтылат.

“Атышуу Эки-Таш, Кум-Базар жана Чыр-Дөбө жерлеринде болуп жатат. Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүп жатат”, - деди Кыргызстандын Чек ара кызматы.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен - Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдаган.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге чек ара тилкесине жакын аймактагы жашоочуларды чыгарып кетүүгө аркеттер жасалганын билдирди. Тулаев кошумчалагандай, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев баштаган расмий адамдар тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Баткен районунун жаңжал чыккан аймагында жүрөт.

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Тажикстандан мындан башка расмий комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG