Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:33

«Озоди» 17 тажикстандык жаракат алганын жазды

Куралдуу кагылыш чыккан Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер - Төрт-Көчө.
Куралдуу кагылыш чыккан Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер - Төрт-Көчө.

«Озоди» радиосу Тажикстандын Исфара шаардык саламаттык сактоо бөлүмүндөгү өз булактарына таянуу менен кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын жазды.

«Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар да бар»,-деп айткан ысымын ачык айтууну каалабаган жаран. Ал ошондой эле жабыркагандардын баары калаанын борбордук ооруканасына жеткирилгенин кошумчалады.

Буга чейин “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазган. Маалыматты Чорку жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кыргыз-тажик чек арасында жараат алгандар боюнча 28-январдын саат 2:00гө карата маалыматына таянсак буга чейин ооруканага жаткырылган төрт адамдан тышкары дагы үч киши жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Анын экөө осколканын сыныктарынан жараат алса, бирине ок тийген. Жабыркагандардын баарынын абалы орточо оор деп бааланды. Жалпысынан Баткен облустук бейтапканасында акыркы маалыматтар боюнча жети киши түштү. Дубандын саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

Куралдуу кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде - Төрт-Көчөдө чыкты. Ал жерде Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. 27-январдын кечиндеги окуя үчүн Кыргызстан тажик тарапты, Тажикстандын бийлиги кыргыз коңшуларын айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG