Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, саат 02:00гө карата маалыматы боюнча чек ара жаңжалында жаракат алган дагы үч киши Баткен облустук ооруканасына "Тез жардам" менен жеткирилди.
Алардын экөө осколкадан жаракат алганы, үчүнчүсүнө ок тийгени маалыматта айтылды. Билдирүүгө караганда, жабыркагандардын баарынын абалы орточо оор деп бааланууда.
Жалпысынан Баткен облустук бириккен ооруканасына чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган жети кыргызстандык түштү.
Кыргызстан чек арадагы куралдуу кагылыш үчүн Тажикстанды айыптап жатат.
Тажик тарап Кыргызстанды айыптады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, атышууда 17 тажикстандык жарадар болуп, бир жайкын тургун курман болгонун кабарлады.
Facebook шеринеси