Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Садыр Жапаров чек арадагы маселе тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилерин айтты


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча "Фейсбуктагы" расмий баракчасы аркылуу 28-январда саат 03:00дө чакан билдирүү таратты.

Анда "Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула" деп айтылды.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз тараптан жети адам жараат алды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG