Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Пакистанда жикчилдердин чабуулунан он аскер набыт болду


Пакистандын Белужистан провинциясы.
Пакистандын Белужистан провинциясы.

Пакистандын аскер кызматтары Белужистан провинциясындагы жикчилдердин чабуулунан улам он аскерин жоготконун маалымдады.

Расмий органдар кабарлагандай, жоочулар Кеч районундагы постко кол салышкан. Аскерлер ошол жердеги атышууда каза болгон. Чабуул жасагандардын бири жок кылынды. Чабуул 26-январга караган түнү жасалды деп айтылат маалыматта. Козголоңчулардын үчөө кармалган, калгандарын издөө уланууда.

Жикчил топ деп саналган "Белужистандын боштондук фронту" чабуулду уюштурганын айтып чыкты. Кыймылдын басма сөз кызматы өздөрүнөн бир киши өлгөнүн ырастап, "17 полицияны жок кылганын" билдирген.

Пакистандын бийлиги өлкөдөгү экинчи чоң шаар Лахордогу базарда 20-январдагы жарылуудан эки адам набыт болуп, кеминде 20 киши жаракат алганын кабарлады. Бул чабуулга "Белуж улуттук армиясы" (БУА) жоопкерчилик алган.

Белужистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет. Аймакта жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылы мындагы кагылыштар миңдеген адамдардын өмүрүн алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG