Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Чек арадагы атышууда кыргыз тараптан жараат алгандар 12ге жетти


Саламаттык сактоо министрлиги жараат алгандардын баары облустук ооруканада жаткырылганын, орточо оор абалда экенин билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги жараат алгандардын баары облустук ооруканада жаткырылганын, орточо оор абалда экенин билдирди.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаганын тактады. Мекеме тараткан маалыматта алардын абалы орточо оор экени, баары облустук ооруканага жаткырылганы айтылат.

Буга чейин 11 кыргызстандык аскер жараат алганы кабарланган эле.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Соңку жаңжалга байланыштуу Баткенде чек арадагы Достук айылында 28-январда эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев анда атышууну териштирип-иликтөө үчүн эки тараптуу комиссия түзүү чечими кабыл алынганын билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээги окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кечке чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат", - деди Ташиев.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG