Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

ӨКМ Баткенде эвакуацияланган тургундар боюнча маалымат берди


Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган тургундар. 28-январь, 2022.
Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган тургундар. 28-январь, 2022.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн тургундар боюнча маалымат берди.

Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. Расмий маалыматка караганда, саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашуун. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам жети убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.

Такталган маалымат боюнча 642 жарандын 82си эркек, 208и аял, 352си балдар.

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу жайгаштыруу пункттарын 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) негизги керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылды. Аларга Кыргызстандагы "Кызыл Жарым Ай" уюму көмөктөшүп жатат.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлөт. Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG