Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстан менен Тажикстанды диалогго чакырды


Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин желеги.
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин желеги.

Түрк мамлекеттер уюму кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу билдирүү жасап, кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. Баш катчы Багдад Амреев уюм жай тургундарга аскерий курал колдонууну айыптай турганын, эки өлкө сүйлөшүүлөрдөн кийин чыр-чатактарга жол берилбесине ишеним артаарын билдирди.

“Биз Кыргызстандын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракетин колдойбуз жана Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара түшүнүшүү, урматтоо, жакшы коңшулук мамилелерине негизделген диалогун кубаттайбыз. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап тең келечекте мамилелерди чыңдай турган, чыр-чатакты болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрөт деп ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши катары түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча 11 миңден ашык киши эвакуацияланган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтей турганын чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG