Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Сугат системасын оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү


Арык тазалоо иштери. Нарын облусу
Арык тазалоо иштери. Нарын облусу

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүнгөнүн кабарлады. Бул каражат сугат тармагын оңдоого жана арыктарды тазалоого жумшалат.

Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Айрыкча 2020-2021-жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам өлкөнүн ар кайсы облусундагы дыйкандар нааразылык акцияларына чыккан.

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, былтыр жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен түшүм азайды. Буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%, картошканыкы 10,1%, бакча өсүмдүктөрүнүкү 6,7%, мөмө -жемиштердики 6,5% жана жашылчаныкы 2,4% кыскарды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG