Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Коронавирус жугузган 676 бейтаптын абалы оор


Сатурацияны текшерүү учуру.
Сатурацияны текшерүү учуру.

Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавирус менен 6 716 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ооругандардын 5 242си үйүнөн дарыланса, 1 474ү ооруканаларда. Алардын 676сы оор абалда, тагыраагы 95инин абалы өтө оор, 581и оор деп бааланган. 787 бейтаптын абалы орто, он бири канааттандырарлык деңгээлде.

30-январдагы расмий эсеп боюнча бир күндө вирус 276 кишиден табылып, төрт адам көз жумду. Пандемия башталган эки жыл ичинде вирустан каза болгондордун расмий саны 2876 кишиге жетти.

Коронавирустун "омикрон" штаммы Кыргызстанда 12-январда аныкталып, баш калаа Бишкек "кызыл зонага" кирген. Акыркы үч аптада оору жуктургандар менен каза болгондор кескин көбөйдү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG