Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Навальный тууралуу тасма эки сыйлыкты жеңди


Навальный кармалган учур. 18-январь, 2021-жыл.
Навальный кармалган учур. 18-январь, 2021-жыл.

АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында виртуалдык түрдө өткөн Sundance эл аралык фестивалында орусиялык оппозиционер Алексей Навальный тууралуу CNN Films жана HBO Max тарткан даректүү тасма эки сыйлыкты алды.

Тасманын бет ачары 25-январда болгон. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында жарыяланды. "Навальный" аттуу тасманы жаш документалист Дэниэл Роэр тарткан.

Ал эми продюсерлеринин бири Навальныйдын командасында иштеген Мария Певчих болду. Тасмада Навальный өз өлкөсүндө реформаны көздөгөн, татыктуу лидер катары чагылдырылган.

Кремлдин сынчысы Алексей Навальный былтыр февралдан бери абакта отурат. Ага буга чейинки өкүмдүн шарттарын бузган деген айып тагылган. Саясатчы муну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.

25-январда орус бийлиги саясатчыны жана бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошкону белгилүү болгон.

Алардын арасында Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдинов бар.

Орус мыйзамдарына ылайык, тизмеге киргизилген адамдардын банктык эсептери дароо камакка алынат. Эки апта мурда Навальныйдын дагы эки санаалашы - Леонид Волков менен Иван Жданов "террорист" деп аталган. Алар бийликтин аракетин куугунтук деп эсептешет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG