Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Былтыр 2100дөн ашуун бала мектепке барган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-2022-окуу жылында 2158 бала мектепке барбай калды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 614 бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эми 425и ар кандай себептерден улам класстан көчпөй калгандар. Алардын ар бири менен өз алдынча иш жүргүзүлүп жатат.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 31-январда үй-бүлөдө жана билим берүү уюмдарында балдарга жасалган зомбулукка байланыштуу маселени талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын укту.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 30 миңден ашат. Жалпы өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн саналуу гана мектеп бар. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын канчасы мектепке барбай жатканы тууралуу маалымат жок.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн. 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар жана кыздар.

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок баланы бакча да, мектеп да кабыл албайт. Укук коргоочулардын байкашынча, ар кандай зомбулукка кабылган балдардын көбүнүн документи жок.

ЮНИСЕФ (БУУнун Балдар фонду) уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда документи жок беш жашка чейинки курактагы балдардын саны 18 миңден ашат. Аталган уюм мындай балдардын маселесин "көрүнбөгөн" бала деген атайын өнөктүктө көтөрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG