Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Түркия: кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылды делген кишиге кылмыш иши козголду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Стамбулда 28 жаштагы кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылды деп шек саналып кармалган 40 жаштагы түркиялык К.Т. аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бирок ал өлкөдөн чыкпөө жана кыргызстандык аялга жакындабоо талабы менен бошотулду. Бул тууралуу 30-январда түркиялык DHA маалымат агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, окуя 17-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Алардын ортосунда чыр чыгып, мейманкананын кызматкерлери бөлмөгө барганда аялдын мойну жана бети тилинип жерде жатканын көрүшкөн. Полиция дароо окуяга шектүү катары түркиялык кишини кармап, аял ооруканага жеткирилген.

Стамбул прокуратурасы "Атайылап киши өлтүрүү аракети" беренеси менен кылмыш-ишин козгоп, ишембиде сот отурумe өткөн. Анда шектүү ага коюлган айыптарды мойнуна албай, кыргызстандык аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганын айткан.

Учурда кыргызстандык аялдын абалы оор, бир нече операция жасалган. Саламаттыгы толугу менен калыбына келгенден кийин полицияга көрсөтмө берери айтылууда.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 аял киши колдуу болуп, 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылбайт.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG