Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Депутаттар өкмөттүн айыл чарба кооперативи боюнча токтомун сынга алды


Өкмөттүн “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразылыгын жаратат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Депутат Алишер Козуев токтомду кайра карап чыгууну сунуштады.

"Айыл өкмөттү ала турган болсок, 300-500 гектар жери бар. Азыр анын 75 пайызын алып, 2-3 кооперативге бөлүп бергени турасыздар. Андан көрө 400-500 дыйкан өздөрү иштеткени жакшы эмеспи. Азыр деле ижаранын акчасы мамлекетке түшүп жатат. Бул жерде атаандаштык болот. 2-3 киши жең ичинен сүйлөшүп, бир бааны чечкенден көрө 400-500 дыйкандын ортосундагы атаандаштык бааны көтөрүп жатат. Акыркы жылдары бир гектар жер 50-60 миң сомго чыкты. Үрөнчүлүк чарбаларга жер аукцион менен бересиздерби же түз келишим болобу, ал жагы дагы бүдөмүк. Бул дыйкандарга карама-каршы келип, нааразылыкты жаратат", - деди эл өкүлү.

Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов сөз болуп жаткан 309-токтомду айыл чарба кооперативдерин, үрөн-чарба жана айыл чарбаны, экономикалык-артыкчылыктуу ишканаларды колдоо максатында иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, ал ишканалар асылдуулугу төмөн жайыттарды жалпы тартипте кадимки сынак аркылуу катышат. Ал эми токтом иштеп баштады деди.

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому 2021-жылы 17-декабрда чыккан. Токтом чыкканы аймактардагы дыйкан-фермерлер каршылыгын билдирип, маселе буга Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразылыгын жаратууда. Алар мындан ары жөнөкөй дыйкандар жерди ижарага алууга мүмкүн болбой калганын, токтом ири ишкерлердин гана кызыкчылыгын көздөй турганын билдирүүдө. Айыл чарба министрлиги бул чечим үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн кабыл алынганын жүйө келтирүүдө.


30 жылдан бери Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда калган 25% жерди (276 580 гектар) айыл өкмөтү дыйкандарга ижарага берип келген.

Министрлер кабинети 309-токтому менен аталган 276 580 гектар жердин рентабелдүү 75% айыл өкмөттөрүнөн Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз алганы жатат. Министрлик жерди ар бир райондо түзүлгөн комиссия аркылуу айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берет.

Анткен менен бул токтомго Кыргызстандын аймагындагы дыйкандар жана фермерлер каршы чыгууда. Алар токтом колунда бар адамдардын гана кызыкчылыгын көздөйт деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG