Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Коронавирустан дагы төрт бейтап каза болду, 205 кишиден жаңы аныкталды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин 31-январдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда вирустан бир суткада төрт киши каза болду.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери каза болгондордун расмий эсеби 2880 адамга жетти. Оору жаңы аныкталгандардын саны акыркы суткада 205 кишини түздү. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында.

Учурда ооруну жуктуруп алган 5 238 адам үйүндө, миңден ашууну ооруканада дарыланып жатат.

Өлкөдө вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Министрлик жашы алтымыштан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган.

XS
SM
MD
LG