Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Столтенберг Орусия Украинага кол салса, НАТО аскерлерин жөнөтпөй турганын билдирди


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Орусия Украинага кол салса, НАТО аскердик күчтөрүн Украинага жөнөтпөйт. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 30-январда Би-Би-Сиге курган маегинде билдирди.

“Биз НАТОнун аскерлерин Украинага жөнөтүүнү пландаган жокпуз, болгону жардам көрсөтүүнү гана көздөйбүз. НАТОго мүчө болуу менен Украина сыяктуу анын жогорку бааланган өнөктөшү болуунун айырмасы бар”, - деди Столтенберг.

Батыш альянсынын катчысы Столтенбергдин мындай билдирүүсү Орусия Украина менен чектеш аймактарына 100 миңдеген аскерлерин жайгаштырып, кол салуу тууралуу божомолдор күчөп турган маалга туш келди.

Кремл АКШ жана НАТО менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрдө Украина жана башка мурдагы советтик өлкөлөр Батыш альянстын курамына кирбейт деген кепилдиктерди талап кылды.

НАТОго мүчө болуп кирүүнү көздөгөн Укрианага азырынча андай сунуш түшө элек. Анткени менен НАТО “ачык эшик” принциби дагы деле күчүндө экенин жана андан баш тартууга эч кандай себеп жок экенин билдирип келет. Ал эми Вашингтон "ар бир эгемен өлкө кайсы аскердик биримдикке кирерин өзү чечиш керек" деген ойду баса белгилейт.

АКШ Москвага кат түрүндө жооп кайтарган соң, Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен 28-январда сүйлөшкөндө Батыш Москванын коопсуздук маселеси боюнча тынчсызданууларына “кош көңүл” мамиле кылды деп билдирди.

XS
SM
MD
LG