Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Орус элчиси 27 дипломат АКШдан чыгып кетерин жарыялады


Орусиянын АКШдагы элчилигинин имараты.
Орусиянын АКШдагы элчилигинин имараты.

Орусиянын Кошмо Штаттарындагы элчиси Анатолий Антонов январдын аягына чейин 27 орусиялык дипломат үй-бүлөсү менен АКШдан чыгып кетерин билдирди.

Буга чейин президентЖо Байдендин администрациясы Американын Орусиядагы дипломаттары дагы 120 адамга кыскарганын жарыялаган.

Анатолий Антонов орусиялык дипломаттарды АКШ кубалап жатканын, кадр көйгөйүнө туш болуп жатканын айтты.

2016-жылдан бери 100дөн ашуун орусиялык дипломаттар үй-бүлөсү менен АКШдан чыгып кеткен. 2021-жылдын 29-октябрына карата АКШда 200дөй орус дипломаты иштеп жаткан. Буга БУУдагы орус миссиясы да кирет.

Былтыр октябрда президент Жо Байдендин администрациясы 2017-жылдан бери АКШнын Орусиядагы дипломаттары 1200 кишиге азайып, 120 кызматкер калганын, алардын көбү өлкөдөн мажбурлап чыгарылганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын ымаласы акыркы күндөрү Украинанын чек арасына жакын жерде орус аскер күчтөрү көбөйгөндөн улам да курчуп бара жатат.

XS
SM
MD
LG