Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Орусиялык белгилүү актер Леонид Куравлёв дүйнөдөн кайтты

Леонид Куравлёв.
Леонид Куравлёв.

Советтер Союзу жана Орусиянын белгилүү актеру Леонид Куравлёв 85 жашында дүйнө салды. Ал өпкөсү кагынып (пневмония), 10-январдан бери Москвадагы Коммунаровка ооруканасында жаткан.

COVID-19га карата анализдери таза чыккан. 22-январда Куравлёвду ооруканадан хосписке которушкан.

"Коммерсантъ" басылмасы кабарлагандай, маркум пневмониядан айыкканы менен абалы оорлошуп кеткен.

Куравлёв "Иван Васильевич кесибин которот" тасмасында Жорж Милославскийдин, "Афоня" тасмасында сантехник Афанасий Борщовдун ролун ойногон.

​
XS
SM
MD
LG