Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Түндүк-Түштүк жолунун курулушу: Көк-Арттагы тоннел ачылды


Көк-Арт тоннели. 30-январь, 2022-жыл.
Көк-Арт тоннели. 30-январь, 2022-жыл.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Көк-Арт ашуусунда тоннелдеги жолдун (штольня) өтмөгү казылып бүттү. Негизги тоннелде жумуштар улантылып жатканын президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январда Көк-Арт ашуусунда кичи кошумча тоннел ачылды. Жолчулар эки тараптан тең казылып келе жаткан бөлүгүнө жетишти.

Негизги тоннел жана анын капталындагы сервистик тоннел чукул кырдаалдарда, кызмат көрсөтүүдө колдонулат. Алдыда тоннелден казылган топурактарды алып чыгуу, бетондоо, аба тазалоочу жабдыктарды орнотуу, жарыктандыруу жана суу агымын жөнгө салуу жумуштары аткарылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, тоннелдин узундугу 3 890 метр, туурасы 10 метрди, ал эми бийиктиги тогуз метрди түзөт. Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелдин туурасы 6,2, ал эми узундугу 4,5 метр.

Жол Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган каражатка курулууда. Ишти China Road And Bridge Corporation компаниясы жүргүзүп, "Кыргыз жол транспорт долбоор" институту көзөмөлдөйт.

Курулушка 550гө чукул адам, 400 курулуш техникасы тартылган. Учурда 116 чакырымга асфальт төшөлүп, Көк-Арттагы тоннелде иш уланууда. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG