Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Жогорку Кеңештин комитети чек ара маселесин жабык карай баштады


Баткен, Төрт-Көчө аймагы. Январь, 2022.
Баткен, Төрт-Көчө аймагы. Январь, 2022.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 27-январда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жабык карап жатат. Маселени журналисттерсиз кароо чечими парламенттин бүгүнкү, 31-январдагы жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев, Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чакырылган.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

XS
SM
MD
LG