Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Бишкекте бир нече автоунааны өрттөөгө шектелген адам кармалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарында бир нече автоунааны өрттөөгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январь күнү саат 01:45 чамасында милицияга Ахунбаев менен Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил автоунаа өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Шаар тургуну окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө тобуна Ахунбаев көчөсүндө токтоп турган "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү машинесин белгисиз адамдар өрттөп салышканын билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, 31-январга караган түнү шаардын ар кайсы районунда токтоп турган алты машине өрттөлгөн.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалды. Милиция анын башка кылмыштарга да катышы бар экенин маалымдады.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында бир суткада сегиз автоунаа өрттөнгөнүн, өрттү өчүрүүгө беш бөлүм тартылганын билдирген. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG