Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстанда түрк жаранын уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1998-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Шектүү түрк жаранын уурдоону уюштургандардын бири экени УКМК тараткан маалыматта айтылат.

"Учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Кыргызстандын жараны изделип жатат. Ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерди уурдоого 1976-жылы туулган түрк тектүү кыргызстандыктын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат бул иш боюнча мурда кармалган дагы бир адам 2022-жылдын 25-январында үй камагына чыгарылганын кабарлады.

2021-жылдын декабрь айында Түркиянын жаранын уурдап, 3 миллион АКШ доллар талап кылгандар “Манас” аэропортунан кармалган. УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Алардын бири Чүй милициясынын "Манас" аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары экени маалымдалган.

​
XS
SM
MD
LG