Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Канада Украинадагы дипломаттарынын санын кыскартат


Киевдеги Канада элчилигинин сыртындагы жазуу. 12-декабрь, 2016-жыл.
Киевдеги Канада элчилигинин сыртындагы жазуу. 12-декабрь, 2016-жыл.

Канаданын бийлиги Киевдеги элчилигинин айрым кызматкерлерин чыгарып кетерин билдирди. Буга чейин бир катар батыш мамлекеттери ушундай эле кадамга барган. Буга Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу себеп болду.

Ошондой эле, Украинадагы канадалык аскерлер Батышка жылдырылат.

"Канада куралдуу күчтөрүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык коопсуздук чараларын көрүү улантылат", - деди коргоо министри Анита Ананд 30-январда өткөн маалымат жыйында.

Өкмөттүн сайтында жазылгандай, Украинада 200дөй канадалык аскер бар. Орусия Украинанын чек арасына жакын жерге 100 миңдей аскерин топтогон. Мындан улам Кремл Украинага кол салышы мүмкүн деп Батыш менен Киев кооптонуп турушат. Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин билдирип келет.

24-январда АКШнын мамдепартаменти Украинадагы элчиликтин кызматкерлерине чыгып кетүүнү буйруган. Ошондой эле америкалыктарга Украинага барбай турууну эскерткен. Ушундай эле кадамга Британия, Австралия жана Германия барды.

XS
SM
MD
LG