Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Жонсон Путинге "жардан алыс болууну" эскертет


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 31-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Путинге мен эмне демек элем, буга чейин айтылгандай эле баарыбызга жардан алыс болуу керек экенин эскертем. Менимче, Украинага басып кирүү бүтүндөй дүйнө үчүн чоң алааматка айланат, эң биринчи кезекте Орусия үчүн алаамат болот", - деди.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен 1-февралда телефондон сүйлөшөрүн билдирген.

31-январда кечирээк Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши украин кризисин талкуулоо үчүн чогулат. Эгер Москва Украинага кол салса АКШ менен Британия Орусияга "болуп көрбөгөндөй" экономикалык санкцияларды саларын эскертти. Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин билдирген. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эгер экономикалык сокку орусиялык компанияларга тийсе, Москва жооп чараларды көрөрүн эскертти.

Орусия Украина менен чек арасына жакын аймакка 100 миңдеген аскерлерин топтоп турат. Мындан улам АКШ менен НАТО Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG