Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Томас-Гринфилд: Орусия Беларустагы аскерлерин көбөйтүүнү көздөп жатат


АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд. 1-март, 2021-жыл.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд. 1-март, 2021-жыл.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Орусия Беларустагы аскерлеринин санын февралдын ортосуна чейин 30 миңге чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Томас-Гринфилд Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын өнөктөштөрү тез жооп кайтарарын эскертти.

Ошондой эле кеңешти бир гана Орусиянын билдирүүлөрүнө эмес, анын иш-аракеттерине да баа берүүгө чакырды.

«Биз талкуулап жатканда Орусия аларга көбүрөөк күч жана курал-жабдык жөнөтүп жатат»,- деди ал.

Буга чейин Орусия Украинанын тегерегиндеги кризисти талкулоо маселелесине тоскоолдук жаратууга аракет кылып келди. Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңешинде талкуу өткөрүү менен «ызы-чууну күчөткүсү келет» деп АКШны айыптады. Ага карабай кеңештин 15 мүчөсүнүн ону маселени талкуулоого макул болду.

Кытай орус аскерлеринин топтолушунан кооптуу эч нерсе көрбөгөнүн айтып, «кандуу согуш түшүнүгүнөн» оолак болууга чакырды.

Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча 1-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөшөрү маалым болду.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин айтууда. Аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG