Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Блинкен менен Лавров украин кризисин талкуулайт


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2-декабрь, 2021-жыл. Стокгольм.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2-декабрь, 2021-жыл. Стокгольм.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын тегерегиндеги кырдаалды 1-февралда телефондон талкуулашат.

Сүйлөшүүнүн алдында Орусиянын АКШдагы элчилиги өз өлкөсү санкциялардан коркпой турганын билдирди.

"АКШнын санкция салуу тууралуу коркутуусунан улам биз артка чегинип, кайкайып тизиле калбайбыз",-деп жазылат элчиликтин «Фейсбуктагы» баракчасында.

Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон 1-февралда Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугат. Ага чейин орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшөрү күтүлүүдө. Бир күн мурда ал Путинге «жардан алыс болууну» эскертерин айткан.

Бир күн мурда АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Орусия Беларустагы аскерлеринин санын февралдын башында 30 миңге чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын айткан.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин айтууда. Аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG