Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Орусия: кыргызстандык бала багуучу эки жашар кыздын өлүмүнө шек саналып камалды


Санкт-Петербург шаары.
Санкт-Петербург шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала багуучу караган эки жашар кыздын каза болуп калганына байланыштуу маалымат берди. Анда окуядан улам 1987-жылы туулган "И.Н.М." аттуу кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынганы айтылат.

"Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, "И.Н.М." бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин орусиялык айрым басылмалар бала багуучу кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан.

Кылмышка шектелип жаткан жарандын жакындары, жактоочусу азырынча комментарий бере элек.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат, ал эми бейрасмий булактарда алардын саны бир миллиондон көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG