Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Нурлан Сулайманов Башкы прокуратурага суракка чакыртылды


Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов Башкы прокуратурага кыргыз-тажик чек арасына байланышкан протоколдон улам суракка чакыртылды. Бул маалыматты башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы бышыктап, Сулайманов жүйөлүү себептерден улам суракка келе электигин билдирди.

1-февралда мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов аталган иш боюнча сурак бергени маалым болгон.

Буга чейин ушул иштин алкагында Жогорку Кеңештин азыркы депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бир канча жолу сурак берген. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Ошол кезде Нурлан Сулайманов транспорт жана коммуникациялар министри болсо, Игорь Чудинов өкмөттү жетектеген.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "протокол иши" боюнча Нурлан Сулайманов дагы суралыш керек деген пикирин билдирген.

Сөз болуп жаткан протоколго Мадумаров 2009-жылы кол койгон. Тогуз пункттан турган протоколдо Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу маселеси камтылган.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси тууралуу кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG