Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Алимбаев тажик тарапты кырдаалды курчутуудан карманууга чакырды


Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

Президент Садыр Жапаровдун Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек араларды тактоо кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын милдети экенин, талаштуу тилкелерге ушул комиссия гана чекит кое аларын билдирди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына Баткен менен Согд облусунун башчыларынын милдети жаңжалга жол бербөө, чек арадагы кырдаалды курчутпоо жана чек арадагы аймактарды өнүктүрүүгө аракет кылуу экенин эскертти.

"Биз талашты аскердик аракет менен чечүү мүмкүн эмес экенине дагы бир жолу ынандык. Мен тажик тарапты кырдаалды курчуткан билдирүүлөрдөн карманууга чакырам. Болгон аракеттерибизди чек арадагы тынчтыкты, туруктуулукту сактоого жана боордош элдердин ортосундагы экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөөгө жумшоого үндөйм",- деп жазды Алимбеков.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG