Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору кайра түзүлөт


 Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган борбор Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзүп келет. Милдетүү медициналык камыздандыруу фондунан каржыланат.

2021-жылы кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик органдары” жөнүндө жана “Борбор шаардын статусу” жөнүндө мыйзамдарга ылайык Бишкек шаардык кеңеши борборду түзүүчү боло албайт. Буга байланыштуу оорукана кайра түзүлүшү керек.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 1-февралда жүргүзүлүп жаткан ишти түшүндүрүү максатында оорукананын жамааты менен жолугушкан.

Бейшеналиев жергиликтүү сайттарга берген маегинде Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алганын айткан.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун узак убакыттан бери академик Сабырбек Жумабеков жетектеп келет.

Ал өз дарегине айтылган сындарга комментарий бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG