Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Жонсон менен Путин Украинанын айланасындагы кризисти талкуулашат


Британ премьер-министри Борис Жонсон "Киев" аэропортунда 1-февраль, 2022-жыл.
Британ премьер-министри Борис Жонсон "Киев" аэропортунда 1-февраль, 2022-жыл.

Британ премьер-министри Борис Жонсон 2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу жолдорун телефондон талкууламакчы. Алдыңкы күнү Жонсон Киевде украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүздү. Өкмөт башчы орусиялык 100 миңден көп аскердин кошуна өлкөнүн чек арасына жакын жерге тартылышы "Украинага каршы кастыктын, балким, эң чоң демонстрациясы болуп калганын" белгиледи.

Премьер Батыш диалогду жактарын, бирок “санкциялар да даяр турганын” кошумчалады.

Ошол эле күнү Путин кризиске байланыштуу биринчи жолу комментарий жасап, “Кремл АКШ жана НАТОдон алынган жоопту анализдеп жатканын” айтты.

Москва чек арага куралдуу күчтөрдү, аскердик техниканы топтоо менен кошунасына кол салууну көздөйт деген айыптоолорду четке кагып, ошол эле маалда жоокерлерин алып кетүү үчүн Батыштан бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган. Украина альянска кошулбайт деген шарт койгон.

Вашингтон жана НАТО аскердик блокко ким мүчө боло аларын Орусия чечпей турганын айтып келатышат. Москвага жолдогон каттын мазмуну шардана кылынган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG