Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты


Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. 2-февраль, 2022-жыл.
Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. 2-февраль, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту Октябрь окуяларына байланыштуу айыпталып, камакта жаткан саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын 2-февралда карады.

Сот чечими менен Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды, Асанов менен Ниязов абакта калды. Бул тууралуу Молдокматовдун жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Саясатчы сот залынан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Түрмөдө отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин колдоп турган элиме, колдоочуларыма, өзгөчө журналисттерге рахмат айтам. Буюрса үйгө чыктым, мындан ары кайрат күч менен эл-жерибизге кызмат кылганга даярбыз. Эч качан позициядан дагы, принциптен дагы тайган эмеспиз. Баарына рахмат”, - деди ал.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов былтыр 8-майда камалган.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкектеги митингге катышкан. Анын арты жаңжал менен аяктап, жети киши жабыркаган. Милиция кылмыш ишин козгогон. Окуялар боюнча жалпысынан жети адамга айып коюлган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Бул иштин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө каралып жатат.

Камалгандар дооматтарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG