Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Ооганстанда Ariana TV телеканалынын эки журналисти абактан бошотулду


Журналисттер Варис Хасрат жана Аслам Эжаб
Журналисттер Варис Хасрат жана Аслам Эжаб

Ооганстанда “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ariana TV менчик телеканалынын эки журналистин бошотту. Бул тууралуу каналдын жетекчиси "Твиттерге" жазды.

Варис Хасрат менен Аслам Эжабды белгисиз себептер менен 31-январда жумушунун жанынан куралчан согушкерлер кармап кетишкен. "Талибандын" расмий өкүлдөрү журналисттердин кармалганы тууралуу маалымат берген эмес.

Хасрат көп жылдан бери саясий бөлүмдө иштейт, Эжаб экономикалык темаларды чагылдырат.

Алар кармалардын алдында телеберүүгө катышкан коноктордун бири “Талибандын” режимин катуу сындаган. Талкуу социалдык тармактарга жайылып кеткен.

Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери нааразылык акцияларына чыккандарды, аялдар укуктарын коргоочуларды, журналисттерди кармап келет.

Бошотулган журналисттер алардын жабдыктарын тартып алышканын, ур-токмокко, кыйноолорго кабылганын айтып беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG