Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Президенттик аппарат Жапаровдун атын атаган шылуундар жөнүндө эскертти


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров катышат делген иш-чараларга чакырып көз боёмочулук кылган жана акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдирди.

Анда "акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынган шылуундар жарандарга телефон чалып, президенттин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатат. Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылат. Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн айда Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын атын колдонгондордон сак болууну эскерткен. Ал Фейсбуктагы баракчасына "акыркы убакта менин атыма жамынып, белгисиз адамдар ар кимге ар кыл “өтүнүчтөр” менен чалып жаткан учурлар көбөйгөнүн эскертип койгум келет. Достор силерден сураныч, телефон шылуундарынан сак болуңуздар! ",-деп жазган жана өзүнүн аты аталган Вотсаптагы жазышуулардын сүрөтүн чыгарган.

Буга чейин президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш дагы алардын аты жазылып, мөөрү коюлган, жасалма күбөлүк даярдап берүүнү убада кылган шылуундар пайда болгонун маалымдаган. Мындан улам ушул жылдын январь айынан тартып жаңы күбөлүктөр эч кимге берилбей турганын жана мыйзамсыз иш-чаралар тууралуу кеңештин катчылыгына кайрылуу керектигин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG